Жаңылыктар
Баткенде өз алдынча көмүр казып жаткан 3 адам газга ууланып каза болду
Кырсык
Баткенде өз алдынча көмүр казып жаткан 3 адам газга ууланып каза болду

Баткен облусунда өз алдынча көмүр казып жаткан 3 адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-октябрь күнү түнкү саат 22:20да Самаркандек айыл аймагынын Гарым участкасында шахтада өз алдынча көмүр казган 3 адам шахтанын ичинде газга ууланып, каза болгону маалымдалган. 

Кырсык болгон жерге  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу тобунун  9 куткаруучусу барып, каза болгондорду алып чыгышкан.

90 метр тереңдикте көмүр казып жатып, газга уулангандар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.