Жаңылыктар
Нике маселеси талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нике маселеси талкууда

Нике кыйуу маселесине келгенде диний кызматкерлер менен ЗАГС органдары бирге иш алпарышы зарыл. Мындай сунуш “Нике кыюуну расмий баш кошуу катары кабыл алуу керекпи?" деген теманын тегерегиндеги ачык талкууда айтылды. Бишкек шаарында өткөн талкууга Мамлекеттик тиешелүү мекемелердин жана дин жаатынын өкүлдөрү, жарандык активисттер менен жаштар катышкан. 

“Ачык дискуссия” долбоорунун алкагында уюштурулган талкуу - коомдогу актуалдуу маселелер боюнча бийлик өкүлдөрү менен жарандардын ортосуна көпүрө түзүп берүү, жаңы сунуштарды киргизүү максатын көздөйт. 

Белгилей кетсек, буга чейин айрым депутаттар мамлекеттик каттоодон нике күбөлүгүн ала электе эле баш кошкусу келген түгөйлөргө нике кыйган молдолорго айып пул төлөөнү сунуш кылган мыйзам долбоорун көтөрүп чыккан.