Жаңылыктар
«Өнүгүү -Прогресс» фракциясынын катарынан үч депутат чыгарылды
Саясат
«Өнүгүү -Прогресс»  фракциясынын   катарынан үч  депутат чыгарылды

Парламенттин  «Өнүгүү -Прогресс»  фракциясынын   катарынан үч  депутат чыгарылды.   Буга  депутаттардын   ички тартипти  бузгандыгы  себеп болду.   Ал арада   айрым   депутаттар факция лидерине  да  ишеним  көрсөтпөө  маселесин  көтөрүүдө.   

Президенттик шайлоодон кийин , «Өнүгүү –Прогресстин”  айрым  мүчөлөрү ,  өздөрүнүн   лидеринин  Бабановду  колдогонуна  нааразы болгон.  Дал   ушул жагдай   фракциянын ыркын  кетирип,   экиге бөлгөндүгүн,   Төрөбаев  азыркы тапта фракциясын башкара албай  калгандыгын  экспертик коомчулук бир ооздон айтууда.    Депутаттардын фракциядан чыгарылышынын себеби эмнеде?

«Өнүгүү-Прогресс»   партиясынын   аркасы менен   депутаттык мандатка  ээ   болгон   3   депутат:  Тазабек  Икрамов,  Камчыбек Жолдошбаев   жана Алмаз Жутанов  фракциянын катарынан  чыгарылды. Тазабек Икрамов менен байланышканыбызда , ал фракция жалпы жыйынга чогулбай туруп, чечим чыгарылганын айтып, аларды четтетип койгонун мыйзамсыз  деп атады. 

Ал эми  фракциянын   мүчөсү   Исхак   Масалиевдин айтуусунда,    чечим   жыйында  кабыл алынып ,  ага  фракциянын   9  мүчөсү добуш  берди.  Бул жагдайга саясий көз караштардын  келишпестиги  себеп болду дейт Масалиев.  

Г. Усенова, Биринчи радио