Жаңылыктар
Таласта театралдык сезондун ачылышы болду
Маданият
Таласта театралдык сезондун ачылышы болду

Таласта IХ театралдык сезон ачылды. Жаңы гана курулушу аяктап, өлкө башчысынын катышуусунда ачылган театрда "Апендинин беш катыны" комедиялык спектакли сезонду ачты.

Талас шаарынын көркүн ачкан обьектилердин бири Капар Медетбеков атындагы драма театр. Бул маданият очогунун ачылганына аз гана убакыт болду. Жада калса тетардын ичинде сырдын жыты кете элек. Бул жайга театралдык сезондун ачылышы менен катар эле заңгыраган имараттын кооздугуна өз көзү менен күбө болгусу келгендер да арбын болду.

Мындай күндү театр күйөрмандары эле эмес, сахна чеберлери да күткөн. Анткени бул өнөр ордосунун мындан аркы жашоосу алардын талыкпаган талантына көз каранды.

Зал толгон күйөрман. Сахнада “Апендинин беш катыны" комедиялык спектакли. Бул оюн көптү күлдүргөн, ошол эле учурда турмуштун ачуу-чындыгын камтыган, тарбиялык мааниси терең чыгарма. Таласта 9-театралдык сезондун ачылышы ойдогудай башталды.

Оюн көрөрмандарды кайдыгер калтырган жок. Актерлордун талантына алкыштар айтылып, күйөрмандар маданияттын бул тармагына суусап калгандарын жашырышкан жок. Бул сезондо таластык театр сүйүүчүлөрүн мындан башка да бир нече спектаклдер күтөт. Ал эми бөбөктөргө каникул маалында театралдык оюндар ноябрь айында башталат.