Жаңылыктар
Си Цзинпиндин курултайдагы 3,5 сааттык доклады дүйнө жүзүндө кызуу талкууну жаратты
Саясат
Си Цзинпиндин курултайдагы 3,5 сааттык доклады дүйнө жүзүндө кызуу талкууну жаратты

Пекинде Кытай Коммунистик партиясынын XIX –курултайы  өттү. Жогоруда  сөз болгон  курултайда Кытай  Коммунистик партиясынын биринчи катчысы  Си Цзинпин 3,5 сааттын ичинде  2049-жылга чейин мамлекттин өнүгүүсү  туралуу окуган доклады дүйнө жүзүндө  кызуу талкууну жаратып жаткан учуру. Себеби Кытайдын лидери  Си Цзинпиндин идеяларын партиянын жаңы уставына киргизгени  аны Мао Цзедун жана Ден Сяопин менен бир катарга койду.

Бул курултайда  Си Цзинпиндин идеялары партиянын жаңы уставына киргизилди. Белгилей кетчү жагдай Кытайдын жаңы тарыхында  Мао Цзедундан  бери партиянын бир да жетекчиси көзү тирүүсүндө мындай статуска  ээ болгон  эмес. Эске сала кетсек  беш жылда бир жолу Кытайдын коммунистик партиясы  курултайын өткөрөт. Курултайда   Коммунисттик партиянын  биринчи катчысы дайыма мамлекеттин ички жана тышкы стратегиясы жөнүндө долбоорун сунуштайт. 

Бир жумага  созулган бул курултайга 2300   делегат катышты. 2012-жылы –жылы XVIII- курултайда Коммунисттик партиянын биринчи катчылыгына  шайланган Си Цзинпин кытай  улутунун кайра жаралуусу туралуу идеяны сунуштаган. Си Цзинпин ушул идеянын негизинде  Кытайдын ички жана тышкы саясатын жана экономикасын өркүндөткөнү байкалууда. Си Цзинпин курултайды  ачканда өлкөнүн тарыхында биринчи жолу 3,5 саат сөз сүйлөгөнү  дүйнө жүзүнүн бүйүрүн кызытты. Анткени Кытайдын төрагасы ушул докладда  ички,тышкы  саясат, экономика, армия  жана дипломатиялык карым-катнаштарга өзгөчө көңул бурду.


 Даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Бакыт Тапаев   Биринчи Радио