Жаңылыктар
Эмне үчүн чет өлкөгө кеткен латыштар мекенине кайткысы келбейт?
Дүйнө
Эмне үчүн чет өлкөгө кеткен латыштар мекенине кайткысы келбейт?

Эмне үчүн чет мамлекетке көчүп кеткен латыштар кайра  Ата-Мекенине кайткысы келбейт- деп жазып чыкты латвиялык кесиптеш Эвита Пуриня. Себеби жылына Латвиядан 20 миң  адам чет өлкөгө көчүп кетүүдө. Ошондуктан  Латвиянын бийлиги чет мамлекеттен мекендешдерин кайра кайтаруу жана  миграцияга бөгөт коюу   боюнча программа иштеп чыкты.

Латвиянын журналисти  Эвита Пуриня  "Чет өлкөгө кеткен латыштар Ата-Журтуна кайткысы келбейт” аттуу   макаласын жазып чыкты.

Автордун айтымында 2030-жылы  Латвияда   эмгекке  жарактуу калктын  бештен бир   бөлүгү  кыскарат. Ошол эле убакта Латвиянын жашоочуларынын 46 пайызы 50 жаштан ашат. Өлкөнүн Борбордук  статистикалык башкармалыгынын  маалыматы боюнча 2000-жылдан бери  ушул кезге чейин   Латвиядан  250 миң   адам көчүп кеткен. 

Жакынкы  келечекте жумушчу күчүнүн   жетишпегендигинин  көйгөйүн чечүү  үчүн, латыш бийлиги жок дегенде жылына 9 миң 500 мигрантты кайтаруу боюнча программа иштеп чыккан.   

Былтыр экономика  министрлигинин божомолунда 2015-жылдан баштап  2022-жылга чейин чет өлкөдөн  76 миң  латыш кайтып келиши керек. Өкмөттүн долбоору боюнча 2019-жылы Латвияда  төрөлгөндөргө караганда  көбүрөөк  мигранттар Ата-Журтуна кайра көчүп келиши  керек.  Бул көйгөй туралуу  журналист Латыш универсетинин диаспора жана  миграцияны  изилдөө борборунун директору  Инта Миериня менен маек курган. Миеринянын   пикиринде ар бир жылы Латвиядан 10 миң адам чет өлкөгө көчүп кетүүдө. Анын  маалыматы боюнча 2016-жылы  Латвиядан 20  миң адам көчүп кеткен. Анын ичинен 17 миңдин улуту латыш болчу. Ал эми былтыр Латвияга 5 миң  мигрант кайтып келген. Андан тышкары   атуулдугу башка  3 миң  адам көчүп келген. 

Уктуурусу даярдаган Алмаз  Батилов, тааныштырган Бакыт Тапаев.   Биринчи Радио