Жаңылыктар
Караколдо кышка даярдык иштери аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Караколдо кышка даярдык иштери аяктады

Шаардагы жылуулук берүүчү эки ишканада утурумдук ремонт иштери жүргүзүлүп, от казандарынын жаңылары коюлду. Ал эми ишканаларга керектелүүчү көмүрдүн кырк пайыздан ашыгы келип түштү. Бирок жеке менчик үйлөрүнүн даярдыгы анчейин эмес. Буга аймака алып келинип жаткан көмүрдүн өтө кымбат болушу себеп болууда. Аймактык кабарчыбыз Эдил Мелисбек кышка даярдык камылгасынан кененирээк айтып берет.

Караколдогу жылуулук берүү ишканасы быйыл жылытуу сезонунада жаңы от казандарын колдонот. Буга чейин шаардын жарымын 1960-жылдары курулган чоң жылуулук станциясы тейлеп келген. Бирок бул станцияга чыгым көпа чыккандыктан, анын иши токтотулду. Эми калаадагыларга кичи станцияларь жылуулук бере баштайт. Учурда шаардагы турак жайларга жылуулук бериле элек. Себеби күндүзү плюс ондон жогору болуп, түнкүсүн плюс үч болууда. Мындан улам, азырынча бала бакчалар менен мектептерге гана жылуулук берилип жатат. Шаардагы номери төртүнчү мектеп гимназиясында жылуулук мезгилине жакшы камылга көрүптүр. 

Бул мектепте жети жүзгө жакын бала окуйт. Жай бою бул билим берүү мекемесинин эски жылуулук жабдыктары жаңыланган. Шаар тургундары үчүн азыр бир нече көмүр сатуучу жайлар иштеп жатат. Баарында жергиликтүү көмүр кендеринен алынып келинген продукция. Баасы болсо былтыркыдан миң сомго кымбат. Азыр бир тонна кара алтындын наркы 5400 сомдон алты миң сомго чейин болууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, быйылкы жылы аз камсыз үй-бүлөөлөргө бекер көмүр таратуу маселеси каралган эмес. Каракол шаарына 1-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт.