Жаңылыктар
Президент 12 мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды
Саясат
Президент 12 мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда жаңыдан ишин баштаган 12 мамлекеттин ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Алар Беларусь, Грузиядан тартып Европа, түштүк Африкага чейинки мамлекеттер.  Иш-чара маал-маалы менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн Кыргызстандагы миссиясынын башталгандыгына байланыштуу салттуу түрдө өтүп турат.


Документ аркылуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары өз өлкөлөрүнүн башчылары жөнөткөн салам дубайларын жеткиришет жана анда элчилердин алып бара турган ишинин милдеттери камтылат.



Ишеним грамота тапшыргандардын арасында Бельгия Королдугунун Кыргызстандагы жаңы элчиси да бар.
Бельгиянын элчиси эң ириде королдун Кыргызстанга болгон иш сапарын ишке ашырууга аракет жасаарын билдирди.




Кыргызстан Грузия мамлекети менен да кызматташтыкты арттырууга кызыкдар. Президент бул өлкөнүн элчисине кайрылып жатып, көп тармактардын бири- Бишкек - Тблиси түз авиа каттамдарын көбөйтүү экенин белгиледи.
Президенттин демилгесин өз кезегинде элчи мырза да кубаттап, аны ишке ашыруу реалдуу экенин билдирди.


Ишеним грамоталарын ошондой эле Греция, Марокко, Мали, Түштүк Африка Республикасы, Польша, Румыния жана Кипр мамлекеттеринин элчилери тапшырышты. Өлкө башчы Кыргызстан ар бир мамлекет менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.