Жаңылыктар
Президент бир катар саясий маселелер боюнча билдирүү жасады
Саясат
Президент бир катар саясий маселелер боюнча билдирүү жасады

Президент Алмазбек Атамбаев ишеним грамоталарын кабыл алуу учурунда бир катар саясий маселелер боюнча билдирүү жасады. Ал - учурда өлкө үчүн маанилүү болуп турган көйгөйлөрдү көтөрүп, анын ичинен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы боюнча абалга токтолду.


Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстан чыныгы көз карандысыз, туруктуу жана эркин мамлекетти куруу үчүн көптөгөн катаал жолдорду басып өткөнүн баса белгиледи.

Өлкө башчы Евразия экономикалык биримдигине ишеним артууга болбой калганын, чек ара көйгөйүн чечүүгө бул уюм эч кандай таасир эте албаганын белгиледи. Болбосо биримдик түзүлүп жатканда анын натыйжалуулугунан үмүт чоң болчу.



Алмазбек Атамбаев расмий Бишкек эми чек арадагы абалды карап отура бербейт деп белгиледи. Айтымында, өлкө продукцияны экспорттоо үчүн жаңы базарларды издеши керек. Өлкө башчы бул маселе боюнча өкмөткө чукул тапшырма берерин билдирди. Жана биринчи кезекте тез бузулуп кетүүчү мөмө-жемиш, азык түлүктөрдү кайда сатуунун ойлонуштуруу зарыл.


Алмазбек Атамбаевдин айтымында, кыргыз казак чек арасындагы акыркы абал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун ишке ашыруу канчалык деңгээлде зарыл экенин көрсөттү. Бул дагы альтернативдүү транспорттук каттам болуп калмакчы.

Президент өз элибиздин арасында да чет мамлекеттерге жан тартып, алардын кызыкчылыгы үчүн күйүп бышып жүргөндөр бар экенин билдирди. Айтымында, өлкө мындай адамдардан тазаланууга тийиш.

Буга катар өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо, эгемендикти сактоо биринчи кезектеги маселе болуп кала берет.

Сөз соңунда өлкө башчы Кыргызстан өз жолун тапканын, эми өлкө жетишилген ийгиликтерди бекемдөө багытында гана болорун билдирди.