Жаңылыктар
Кесиптик-техникалык билим берүү системасына 75 жыл
Билим
Кесиптик-техникалык билим берүү системасына 75 жыл

Кесиптик-техникалык билим берүү системасына 75 жыл толду. Маарекеге карата салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлүп, алдыңкы мугалимдер сыйланды. 


Учурда жалпы өлкө боюнча 100 кесиптик-техникалык лицей бар. Алар 40 миңдей студентке билим берет.



Коомго керек адистерди даярдоонун артында жүздөгөн мугалимдер турат. Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын 75 жылдык мааракесине арналган салтанатуу иш-чарада алдыңкы мугалимдер Жогорку Кеңештин, Билим берүү, илим министрлигинин жана Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин сыйлыктарына татыды.


Кесиптик-техникалык окуу жайларда ширетүүчүдөн сырткары ашпозчу, тигүүчү кесибин даярдоо да өзгөчө колго алынган. Окууну бүтүргөн адистерди иш берүүчүлөр лицейге өзүлөрү издеп келген учурлар бар.


Өкмөт адистерди талаптагыдай даярдоо үчүн орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын техникалык базасын, жабдууларын чыңдоого көңүл бурууда. Буга эл аралык өнөктөштөр жардам берип жатат.