Жаңылыктар
7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү
Маданият
7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү

7-8-ноябрь күндөрү - Кыргызстанда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп кабыл алынды. Мындай жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев кол койду. 


Анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү мааниси зор болгон үч тарыхый окуяга басым жасалган. Бул күндөрү 1916-жылдагы окуя, 1917-жылдагы Октябрь революциясы жана репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдары эскерилет. Актилек Гүлжигит кызы теманы улантат.


Алгач, 1916-жылдагы окуялардан баштасак. Бул жылдары эзүүдөн жапа чеккен эл падышачылыкка каршы көтөрүлгөн. Ошондо кызыл кыргын, кандуу кармаш башталган. Замбирек жана пулемет менен куралданган отрядга туруштук бере албаган миңдеген кыргыздар азыркы Кытайдын аймагына кире качкан. Жеңилип калганына карабастан, көтөрүлүштүн тарыхый мааниси зор.


Кара Кыргыз автономиялуу областы, андан кийин Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшү - кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндөгү маанилүү баскычтар. Кыргыз ССР учурунда мамлекеттик атрибуттар кабыл алынып, өлкөнүн аймагы 5 облуска бөлүнүп, борбору Фрунзе болгон. Ошентип, кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө карай жол тарткан.


Ошентип, Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 100 жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чараларды 2017-жылдын 7-8-ноябрында өткөрүү өкмөткө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылды. Ошондой эле, Чоң-Алайдагы Ленин чокусунун аталышын Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды. “Анткени, бул бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин көп кылымдык тарыхы менен бекемделген жападан жалгыз туура чечим болот”, - деп жазылат жарлыкта.