Жаңылыктар
УКМК кызматкерлерине көп батирлүү турак үйдүн ачкычтары тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК кызматкерлерине көп батирлүү турак үйдүн ачкычтары тапшырылды

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү турак үйдүн ачылыш аземине катышып, ачкычтарын тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө УКМК кызматкерлерин жаңы конуштуу болушу менен куттуктап, чекисттерге өтөгөн кызматы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев соңку жылдары Кыргызстанда туруктуулук жана тынчтыкты камсыздоодо УКМК кызматкерлеринин олуттуу ролун белгиледи. Мамлекет башчысы билдиргендей, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн турак жай куруу жакшы салтка айланып, мындан ары да уланышы керек. 

Президент батирлерди көрүп чыгып, ошондой эле көп кабаттуу үйдүн алдына балдар аянтчасын куруу үчүн УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге 300 миң сомдун сертификатын тапшырды.