Жаңылыктар
Райкан Төлөгөнов 15 жылга эркинен ажыратылды
Кылмыш
Райкан Төлөгөнов 15 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын экс-депутаты Райкан Төлөгөновду үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылды. 

Эскерте кетсек, 65 жаштагы Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоногон деген айып менен быйыл 28-мартта УКМКнын тергөө абагына камалган. 

Кийинчерээк ден соолугу начарлап, №1 тергөө абагына которулган. Ал жердин дарыгерлери да жардам бере албай, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аны №47 жатак абакка которуу чечимин чыгарган.