Жаңылыктар
Түгөлбай Казаков ээлеген кызматынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Түгөлбай Казаков ээлеген кызматынан бошотулду

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков ээлеген кызматынан бошотулду. Муну ырастаган Жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев кол койду. 

Бул тууралуу маалымат өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланды. Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет. 

Эскерте кетсек, Казаков аталган министрликти 2016-жылдын 27-июлунан тарта жетектей баштаган.