Жаңылыктар
Жаш дарыгерлердин конференциясы
Ден соолук
Жаш дарыгерлердин конференциясы

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Жаш дарыгерлердин 2-практикалык конференциясы өттү. Иш-чарага жаш дарыгерлер менен бирге студенттер да катышышты. 

Конференциянын алкагында медициналык кызматкерлердин укуктары, кесипкөй кадрлардын жана айыл жергесинде дарыгердин тартыштыгы сыяктуу бир катар маселелер каралды. Андан тышкары, докладдар окулуп, Жаш дарыгерлер уюмунун буга чейин аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.