Жаңылыктар
Казакстан 500 тонна азык-түлүктү кайтарды
Чек ара
Казакстан 500 тонна азык-түлүктү кайтарды

Кыргызстан ЕАЭБ менен Казакстандын мыйзамдарын бузду деген жүйө менен казак тарап 479,6 тонна азык-түлүктү Кыргызстанга кайта кайтарды. Бул тууралуу Казакстандын айыл чарба министрлигинин расмий сайтында маалымдалат. Ага ылайык, 6-октябрдан 20-октябрга чейин Казакстанга башка мамлекеттен алып келинген азык-түлүктөрдү текшерүү учурунда 59 мыйзам бузуу аныкталган. 

Кыргызстандан алып барылган 93,3 тонна алма-алмуруттун, 21 тонна жүзүмдүн, 4 тонна кызылчанын милдеттүү фитосанитардык сертификаты жок болуп чыккан. Андан сырткары, 20,6 тонна курма менен анардан, 47,7 тонна алма, алмуруттан, 42,4 тонна кургалтылган жемиштен, 60,1 тонна жүзүмдөн жана 66,7 тонна картошкадан зыянкеч курт-кумурскалар табылган. 

Ошондой эле тийиштүү маркировкасы жок малина, кулпунай (10,5 тонна), алма-алмурут (37,2 тонна), жүзүм (61,2 тонна), кара өрүк (12) жана анар (2,9 тонна) кайтарылган. Текшерүү учурунда Россия менен Кытайдан дагы тийиштүү фитосанитардык сертификаты жок алып келинген азык-түлүктөр алынган.