Жаңылыктар
Жайкы олимпиадага даярдык
Спорт
Жайкы олимпиадага даярдык

Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган жайкы 31-олимпиада оюндарына катышууга грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев жана үч жеңил атлетчи Дарья Маслова, Юлия Андреева менен Мария Коробицкая лицензия жеңип алган. Учурда Олимпиадага жолдомо алган жана алууну көздөгөн Кыргызстандын курама командалары кызуу даярдык көрүп жатат. 

Эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча балбандар тажрыйбасын арттырып, машыгуу жыйындары менен Орусияда жүрсө, кыз-келиндер арасындагы курама топтун машыгуулары көлдүн жээгинде өтүүдө. Жеңил атлетчилер болсо, Орусияда даярданууда. Оор атлетика, сууда сүзүү, дзюдо жана бокс боюнча курама топтор дагы кызуу даярдыкта.