Жаңылыктар
Өкмөт көмүр баасын жөнгө салуу аракетинде
Экономика
Өкмөт көмүр баасын жөнгө салуу аракетинде

Экономика министрлиги "Көмүрдүн баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу боюнча" токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Токтом долбоору алдыда келе жаткан кышка даярдануунун алкагында иштелип чыкты. 


"Мамлекеттик монополияга каршы орган көмүрдүн дүңүнөн сатылган баасын бекитип бергени менен ал элге жеткенге чейин бир нече колдон өтүп кетип жатат. Иликтөөлөргө караганда, акыркы учурларда көмүрдүн чекене баасы бир топ жогорулай түштү", — деп айтылат билдирүүдө. Мунун биринчи себеби — кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөр жана Казакстандын өз аймагынан көмүр чыгарууга тыюу салганы экени айтылды. 


Алып сатарлардын өзүм билемдигин ооздуктоого өкмөттүн аралашуусу керек болуп жатканы кошумчаланды.