Жаңылыктар
Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза маселеси алигиче чечиле элек
Чек ара
Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза маселеси алигиче чечиле элек

Казакстанга товар ташыгандар чек арадагы көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн кире албай түйшөлсө,  Кыргызстандын түштүгүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа айдоочулары Кытайга каттай  албай убара. Алар виза ачуу үчүн 6 айдан бери кезек күтүп турушат. Ал эле эмес,  чыгууга уруксат алуунун акысы да эки эсеге кымбаттаган. Буга байланыштуу  Кытайдан жүк ташыган айдоочулар виза берүү маселесин чечүү талабын коюшту.

Кытайга виза алуу көйгөйү бүгүн эле көтөрүлүп калган жок. Жөнөкөй адамдар эле эмес, оор жүк ташуучу автоунаа айдоочулары алды алты айлап кезек күтүп жатышат. Бул маселени чечип берүү үчүн Ош шаарында айдоочулар Кыргыз өкмөтүнө кайрылышты. "Юг-Транс", "Транс-Ордо" жана "Айдоочу" коомдук бирикмелеринин кызматкерлери жана айдоочулары, Кыргызстандан Кытайга виза алуу татаал болуп жаткандыктан, ишкерлер жүк ташуу үчүн Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Тажикстандан айдоочу жалдап жатышат. 

Кошуна Кытай мамлекети виза маселесин татаалдаштыргандан кийин каттоо былтыртан бери кыйынга туруп келет. Айдоочулар эле эмес, ал жакта окуган кыргызстандык студенттер да окуусуна бара албай, көптөгөн кыйынчылыктарды тартышкан. Оор жүк ташуучу автоунаалардын каттоосу экономикага терс таасирин тийгизип жатат. Сөз дагы бир айдоочу Орозбек Заирбек уулунда.

Асанбек  Пазыл, Биринчи радио