Жаңылыктар
Борбордо жол тандабастардын жарышы өттү
Спорт
Борбордо жол тандабастардын жарышы өттү

Чүй облусунун Озерное айылында жол тандабастардын жарышы болуп өттү. 


Кезектеги мелдеш "Таңкаларга ылай кеп эмес" деген ураандын алдында өттү. Ага Кыргызстан менен Казакстандан келген 50дөн ашык жол тандабас катышып, иш-чара унаа сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирди. Мындан сырткары квадрацикл жарышы да болду. 


Мелдештин жеңүүчүлөрү “жекеме-жеке жарышуу” категориясы менен аныкталды.


“Биринчи тайпадагы жол тандабастар 40 мүнөт жарышты. ТР-2 тайпасындагылар 60, ал эми ТР-3 болсо 90 мүнөт жарышышат. Мынан сырткары жаңы үйрөнчүктөр ТР1 тайпасына кирет.”-деп билдирди “Штурмовик” элдик жол тандабас клубунун президенти Дмитрий Мамытов.