Жаңылыктар
Мугалимдердин пенсиясын көтөрүү Жогорку Кеңеште каралды
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалимдердин пенсиясын көтөрүү Жогорку Кеңеште каралды

30-40 жыл мектепте иштеп пенсияга 2300 сом менен чыккан мугалимдердин пенсиясын көтөрүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинде айтылды. Социалдык фонддун 2016-жылдагы бюджетинин отчетун берүү учурунда депутаттар мугалимдердин жана социалдык кызматкерлердин пенсиясы төмөн болуп, орточо көрсөткүч 5000 сомго жетпей жатканын айтып чыгышты.

Өз кезегинде Социалдык фондунун төрагасы Тенизбек  Абжапаров мугалимдерин пенсиясы айлык акысына жараша болуп жатканын билдирди. 2000 жылдарга чейин мугалимдердин пенсиясы 345 сом болсо 80 сом гана Соцфондго которуп турган. Ошондуктан пенсиясы төмөн болууда. Андан сырткары дыйкандардын, фермерлердин пенсия маселесиндеги көйгөйлөр да көтөрүлдү. 

Учурда Республика боюнча болгону миң мугалим 20 мин сомдон ашык пенсияга илинген. Калгандарыныкы эмгек стажысына, акыркы айлык акысына жана бийик тоолуу аймакта иштеген деген категориялар менен ар кандай чегерилип келет. Эл өкүлдөрү жок дегенде эң төмөнкү пенсияларга кошумча каражат бөлүү керек дейт.

Эл өкүлү Акылбек Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өкмөт 40 жашка жеткирбей пенсияга чыгарып жатат деп сынга алды. Акыл-күчү толуп турганда ардактуу эс алууга чыгып, ордуна иштин көзүн билбеген жаштар келип жатат.

Сүймөнкул Идирисов, Биринчи радио