Жаңылыктар
Бишкек-Ош жолу: 23 тонна кум шекер жүктөлгөн оор жүк ташыган унаа күйүп кетти
Кырсык
Бишкек-Ош жолу: 23 тонна кум шекер жүктөлгөн оор жүк ташыган унаа күйүп кетти

Бишкек-Ош жолунда 23 тонна кум шекер жүктөлгөн оор жүк ташыган унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка айтылгандай, кечээ 29-октябрда саат 06:05 чамасында Токтогул районунун Ала-Бел ашуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 237-чакырымында фура үлгүсүндөгү унаадан чыгып, 23 тонна кум шекер, унаанын 6 даана дөңгөлөгү күйгөн.

Өрттүн себеби автотранспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушунан болгон.