Жаңылыктар
Жарандык активисттер кыргыз-казак чек арасы боюнча билдирүү жасашты
Чек ара
Жарандык активисттер кыргыз-казак чек арасы боюнча билдирүү жасашты

Жарандык активисттер кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча билдирүү менен чыгышты. 


Алардын пикиринде Евразиялык экономикалык биримдиктин талабы - товарларды, тейлөө кызматтарын жана жумуш күчүн эркин өткөрүүгө шарт түзөт. Бирок, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал бул талаптарды жокко чыгарууда. 


“Элдик кошуундар биримдиги” уюмунун төрагасы Алга Кылычевдин айтымында чек арада жеке эле Кыргызстандын эмес ошол эле Казакстан, Россия жана уюмга мүчө башка мамлекеттердин ишкерлери дагы зыян тартууда. Мындан улам активисттер коңшу өлкө тарабынан киргизилген чек арадагы тоскоолдуктарды жоюуну талап кылууда.