Жаңылыктар
Кыргызстандык спортчулар Сочиден байгелүү кайтышты
Спорт
Кыргызстандык спортчулар Сочиден байгелүү кайтышты

Кыргызстандык спортчулар Сочиде өткөн панкратион боюнча Дүйнөлүк чемпионатта 6 медаль утту. Бул тууралуу Эрежесиз эр мушташ федерациясынан билдиришти. 


Мелдештин акыркы күнү Ураим уулу Жаныш жана Камбарали Раимбаев күмүш медаль тагынышты. Ал эми Анарбек уулу Чыңгыз коло медалга ээ болду. 


Эске сала кетсек, буга чейин кыргыз курама командасынын куржунунда бир алтын жана бир коло медаль бар болчу. Панкратион боюнча дүйнөлүк чемпионат Сочи шаарындагы “Адлер-Арена” спорт комплексинде 25-29-октябрь күндөрү өтүп, ага дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 300 спортчу катышты.