Жаңылыктар
Президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты

15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда шайлоого катышкан жарандардын 54,22% добушуна ээ болгон Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын президенти деп жарыялады. Боршайком ошондой эле шайлоого кеткен каражаттын алдын ала суммасын жарыялады. БШК отурумунан кабарчыбыз Бурулай Пусурманкулованын материалы. Борбордук шайлоо комиссиясы октябрда өткөн президенттик шайлоо тууралуу соңку отурумуна чогулду. 

Жалпы шайлоочулардын тизмеси 3 млн. 14 миң 434. Добуш берүүгө 1 млн. 679 868 адам катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 56,34% түзөт.
Жыйынтыкка ылайык шайлоочулар төмөнкүдөй көрсөткүч менен добуш берген:

Зарлыков - 1554 (0,09%)
Үмөталиева - 1473 (0,09%)
Сариев - 43 311 (2,55%)
Кочкоров - 8498 (0,50%)
Масадыков - 10 803 (0,64%)
Бабанов - 568 665 (33,49%)
Абдылдаев - 2015 (0,12%)
Бекназаров - 2743 (0,16%)
Жээнбеков - 920 620 (54,22%)
Мадумаров - 110 284 (6,57%)
Малиев - 1621 (0,10%)
Баарына каршы - 12 371 (0,73%) 

Отурумга БШКнын 10 мүчөсү катышты. Жыйында "Президентти жана парламент депутаттарын шайлоо" мыйзамынын 37-беренесине ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлду. 

Ушуну менен жарышта озуп чыккан Сооронбай Жээнбеков КР президенти болуп катталды. Эми ант берүү күнүндө Жээнбековго аны тастыктаган документ тапшырылат. Шайлоону ачык, таза, демократиянын шартында өткөрүүгө салым кошкон аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана процесске катышкан бардык тараптарга БШК мүчөлөрү ыраазычылык билдиришти. 

Президенттик шайлоодо маалыматтык шайлоо системасын колдонуу чоң натыйжа берди. Анын натыйжасында добуш берүү убактысы жабылгандан кийинки жарым саатта шайлоонун алдын ала жыйынтыктарынын 40 пайызга жакыны белгилүү болду. Бирок шайлоонун жүрүшүндө 80 миңден ашык хакерлик чабуулдар 26 өлкөдөн жасалганын БШК төрайымы Шайлдабекова белгиледи.

Жыйында белгилүү болгондой президенттик шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 671 миллион сом каралган. Анын 539 миллиону биринчи турга, экинчи турга 132 миллион сом эсептелген. Шайлоо биринчи тур менен аяктап, ага 500 миллион сомдун айланасында каражат сарпталды. Алдын ала эсептөөлөрдө 40 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлгөн. Эми бул суммалардын баары бюджетке кайтарылат. Ошондой эле БШКнын эсебине 18 талапкердин күрөө акысы салынган. 5 талапкер каттоого алынбагандыктан каражаты кайтарылып берилген. Мыйзамга ылайык, шайлоодо 5%дан көп добуш алган 3 талапкердин күрөө акысы кайтарылат. Алар Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов жана Адахан Мадумаров. 