Жаңылыктар
Берген убада аткарылды
Шайлоо 2023
Берген убада аткарылды

Президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 30-октябрда жарыяланды. Мындан алты жыл мурун дагы, дал ушул күнү Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, анда Алмазбек Атамбаев утуп чыккан. Серепчилердин пикиринде, өлкө башчы өз убадасына туруп шайлоо системасын толук реформалады жана бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнү камсыздады.

Саясий серепчилердин пикиринде, Алмазбек Атамбаев бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен өз ыйгарым укуктарын узартууга аракет кылбаган биринчи президенттерден болду. Мындай системаны куруу үчүн Кыргызстан узак жолду басып өттү жана ал оңой болгон жок. 

Президенттик кызматында өлкө башчы шайлоо системасында реформаларды жасады дешет. Ушундай жол менен гана бийликти тынч жол менен алмаштырууга мүмкүн болду. Жарандардын бийликке болгон ишенимин калыбына келтирүү үчүн чоң кадам жасалып, биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо өткөрүү киргизилди. Мындай ыкма добуш берүүдөгү бардык жасалмалуулуктарды жокко чыгарды. 

Алмазбек Атамбаев кызматка өлкөдө туруксуздук өкүм сүрүп турган маалда келди. Айрым жерлерде элдер жолдорду тосуп, Бишкекте Акүйдү басып алуу аракети, ал эми Ысык-Көлдө Кумтөрдүн иши боюнча нааразычылык өнөктүктөрү жүрүп, өкмөттүн өкүлү барымтага алынып, аны тирүүлөй өрттөп жиберүү аракети да көрүлгөн. 

Мына ушундай тынч эмес убакта терең ойлонуп, стратегиялык тапшырмаларды чечүү керек эле. Биринчи кезекте негизги байлыгыбыз болгон энергетика тармагы турган. Анткени коңшулар кайсы күнү кааласа Борбор Азия энергетикалык шакекчесинен чыгып, өлкөнүн жарымы жарыксыз калмак. Мындай абалдан чыгууга мүмкүн болду. Датка-Кемин көмөк чордону курулуп, анын ишке берилиши өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын биротоло камсыздады. 

Эгер суу сактагычта суунун көлөмү аз болуп, электр жарыгын өндүрүү азайса, ага борбор калаадагы Жылуулук электр борбору жардамчы болмокчу. Ал жакында эле модернизациядан өткөрүлүп, заманбап талапка жооп бере турган жабдыктар орнотулду. Эми Бишкек жылуулук борбору бир күнү иштен чыгып, калаа жарыксыз жана жылуулуксуз калат деген коркунуч жок. Жаңы жылуулук борбору өлкөнүнүн түндүгүн жарык менен камсыздоого кубаты жетет. 

Серепчилер белгилегендей, Алмазбек Атамбаев Президенттик кызматында көп күч аракетин - өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдөө үчүн жумшады. Жолдор курулушу, электр көмөк чордондорун жаңылоо жана башкалар. 

Эксперттер аскер тармагында жасалган жумуштарды да баса белгилешет. Эгемендүүлүктөн бери биринчи жолу күч кызматкерлерине турак жай куруу башталды. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү реформаланып, армияда кызмат өтөө эми сыймык болуп калды.  

Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго бийликти өткөрүп берүүсү жаңы шайланган өлкө башчысынын расмий ант берүү иш-чарасынан кийин ишке ашат.