Жаңылыктар
Зыян тарткан ишкерлер жеңилдик алат
Чек ара
Зыян тарткан ишкерлер жеңилдик алат

Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы абалдан улам зыян тарткан ата мекендик ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Өкмөт жыйынында муну бекемдеген токтом кабыл алынды. Премьер-министр Сапар Исаков токтомго отурумдан дароо кол койду. Өкмөт башчынын айтымында чек арадагы кырдаалдан ишкерлер ири суммадагы зыянга учурап жатышат. Документке ылайык ишкерлердин тарткан зыянынын суммасы эсептелип чыгат жана салык, бажы, социалдык төлөмдөр боюнча жеңилдик берилет. 

“Ак Тилек” чек ара өткөрүү бекетинде каз катар тизилген оор жүк ташуучу унаалардын саны бери дегенде эле 300дөн ашат. Арасында бошу да жүк жүктөлгөнү да бар. Көбү Казакстан, Беларусь, Россияны көздөй жол тарткандар. Жакшы жагы кезерип кезекте турган айдоочулар күнүнө эки же үч маал акысыз ысык тамак-аш, суу менен камсыз болуп жатканында. Бул да болсо айдоочуларга бир аз алаксып, каражатын үнөмдөгөнгө шарт түзүүдө. 

Ысык тамак аш болсо мына бул Өзгөчө кырдаалдар министрлиги орноткон чатырынан таратылып жатат. Ичине отуруп тамактанып да алууга мүмкүн. Ысык чай, кофе ичем дегендер үчүн самоор кайнатылат. Чек арада күнү-түнү тез жардам да нөөмөттө. 

Ал арада Кыргызстандын бизнес чөйрөсү билдирүү менен чыкты. Ата мекендик ишкерлер Казакстандын тиешелүү мекемелеринин мындай аракетине баа берилиши керек деп эсептейт. Кыргызстандын базарлар, ишканалар жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын жетекчиси Сергей Понамарев ата мекендик ишкерлер Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саргсяндын наамына арыз менен кайрылганын билдирди. 

Чек арада түзүлгөн кырдаал Бишкектеги “Дордой” дүң базазарындагы соодага да терс таасирин тийгизди. Базарда 60-70 пайыз соода токтоп калды-дейт Кыргызстандын соода тармагындагы профсоюз уюмдарынын төрайымы Дамира Дөөлөталиева. Анын айынан банктан насыя алган ишкерлер өзгөчө зыян тартууда. Мындан улам ишкерлер өкмөттөн жеңилдик алуу өтүнүчү менен кайрылды. 

Өкмөттүн кезектеги жыйынында кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу зыян тарткан атамекендик ишкерлерге мамлекеттик колдоо боюнча чараларды көрүү чечими кабыл алынды. Келтирилген зыяндын өлчөмү болсо убакыт өткөн сайын көбөйүп жатат. Экономика министри чек арада турган оор жүк ташуучу унаалардын тарткан чыгымы 180 миң доллар деп эсептелип жатканын билдирди. 

Мындан улам өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу зыян тарткан ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык зыян тарткан ишкерлерге социалдык, бажы жана салык төлөмдөрү боюнча жеңилдик берилет жана Улуттук банк менен кошо баардык каржы институттарына сунуштамаларды карап чыгуу тапшырылды. Премьер-министр түзүлгөн кырдаалдан Кыргызстандын, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн ишкерлери зыян тартып жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге өкмөт чек арадагы кырдаалдан улам зыян тартып жактан жүк ташуучуларды да колдоо чечимин да кабыл алды. Өкмөт башчы Сапар Исаков тиешелүү мекемелердин жетекчилерине зарыл болгон азыктардын баасына жана көгүлтүр от менен таш көмүрдүн наркына көзөмөл кылуу тапшырмасын койду.