Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташуусу жанданууда
Экономика
Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташуусу жанданууда

Ал ортодо Өзбекстан өз чек арасына негизги азыктарга жана айыл чарба азыктарын импорттоого акциз жана бажы салыктарын толугу менен жоюп, айрымдарына суммасын азайтты. Мындай жагдай, Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык алакасынын жандануусуна өбөлгө түзүүдө. Анткени 1-сентябрдан баштап ишке кирген мындай жагдайдан улам, Кыргызстан 2 ай аралыгында эле миң тоннадан ашык картошка экспорттоого жетишти.

Совет тушунда Кыргызстан Өзбекстанды нан, кумшекер менен кенен камсыздап турчу. Ошону менен катар буудай, арпа жана башка өсүмдүктөрдүн уругун дагы коңшулар толугу менен бизден алып турган. Андан кийин өзбек тараптын жабылган чек арасынан улам, көп жылдар бою ортодон үзүлгөн алака, эми кайрадан жанданып, экономикалык багыттагы ар кандай келишимдер түзүлүп баштады.

Өзбекстандын үч облусу Кыргызстандын үч облусу менен чектешип турат. Андыктан Кыргызстан айыл жана мал чарба продукцияларын коңшу мамлекетке экспорттоо мүмкүнчүлүгү чоң. Ушул тапта өз муктаждыгынан эки эсе көп өндүрүлгөн картошканы жана төө буурчак, капуста ошондой эле этти экспорттого сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эгемендик алгандан бери негизинен өз базарын коргоо саясатын жүргүзүп келген расмий Ташкент учурда импорттоочуларды кызыктырып турган чагы. Анткени 30 миллиондон ашык калкы бар ири өлкөдө соңку кездери азык-түлүк болуп көргөндөй кымбаттап кеткен.

2016-жылы расмий Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 200 миллион доллардан ашкан эмес. Ал эми жакында болгон Өзбек бийлигинин Кыргызстанга сапарынан соң эки өлкөнүн ортосундагы мамиле, анын ичинде экономикалык карым-катыш жакшы жагына өзгөрөт деген үмүттөр жанданууда.