Жаңылыктар
Экономика министрлиги «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» боюнча жаңы мыйзамдарды сунуштоодо
Экономика
Экономика министрлиги «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» боюнча жаңы мыйзамдарды сунуштоодо

Ага ылайык өлкө үчүн пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда кызматташа турган чет элдик ишкерлерге ар кандай жеңилдиктерди берүү үчүн премьер-министрде кошумча укуктар болот. 

Мындан сырткары долбоорлорго финансы министрлигинин аралашуусу азаят. Ошондой эле буга чейин болуп келген бир гана компания катышса тендер өткөрүлгөн жок деп эсептелген жобо да жоюлууда. "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу" мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Ал эми “инвестиция” боюнча мыйзам 2003-жылы кабыл алынып, андан бери эки ирет гана толуктоолор киргизилген. 

Премьер-министр Сапар Исаков 30-октябрда өткөн өкмөт жыйынында аталган мыйзамдар жемишин бербегенин белгилеп, Экономика министрине жаңы долбоорлорду эртерээк сунуштоону тапшырган.