Жаңылыктар
Чек-арада кезектеги айдоочулар медициналык жардамга муктаж болушту
Чек ара
Чек-арада кезектеги айдоочулар медициналык жардамга муктаж болушту

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинде кезек күткөн айдоочулардын саламаттыгы начарлап, медициналык пунктка 9 киши кайрылды. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Министрликтин билдирүүсү боюнча, дарыгерлерге кайрылган 9 кишинин 5өө сасык тумоого кабылган. Калган төртөөнүн кан басымы жогорулап, дарыгерлерге кайрылган. Кайрылган жарандарга амбулатордук жардам көрсөтүлгөнү айтылды. Негизинен кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу, кандайдыр бир жол кырсыгы же өзгөчө кырдаал катталган жок, -деп айтылат билдирүүдө.