Жаңылыктар
Ар кыл чөптөн жасалган самындын дарылык касиети
Ден соолук
Ар кыл чөптөн жасалган самындын дарылык касиети

Дары чөп жыйнап , аны негизги киреше булагына айланткан Жанар Алкожоева Сокулуктун Кызыл- Туу айылынын тургуну. Чөптөрдөн ал дары-дармек гана даярдабастан, шакар-самын жасоонун ыкмасын да өздөштүргөн.

Бул өнөрдү апасынан үйрөнгөнүн сыймыктануу менен айткан Жанар Алкожоеванын азыр өз кардарлары да бар. Ал эми ишти кеңейтүү үчүн ал бир катар айылдаштарын жумуш менен камсыздоого жетишкен.