Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз бойдон калууда
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз бойдон калууда

Дүйнөлүк бажы уюмунун форумунда Казакстанга чек араны кесип өтүүнү ылдамдатуу максатында чек ара көзөмөл өткөрүү тажрыйбасын жакшыртуу сунушу берилди. Уюмдун Токиодо өткөн жыйынында кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн абал талкууланып, анда катышуучулар тарабынан эки мамлекеттин ортосундагы чек арада кыйын кырдаал түзүлгөнү айтылды. 

Дүйнөлүк бажы уюмунун төрагасы чек арадагы абал боюнча маалыматты эске алганын билдирди. Ал арада кыргыз-казак чек арасында абал өзгөрүүсүз бойдон калууда. Маселени талдоочулар да талкууга алды.

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу, бирок өзгөрүүсүз бойдон калууда. Оор жүк ташуучу унаалар дагы эле узун чакырым кезекте турушат. Коңшу өлкөнүн айрым дооматтарды коюп чек арада бир тараптуу чектөө киргизгенине 20 күндөн ашты. Кыргызстан болсо Казакстан тараптан келген оор жана жеңил унааларды тоскоолдуксуз өткөрүп жатат.

 

Мындай кырдаалдан биринчи кезекте ЕАБ уюмдарынын ишкерлери жапа чегүүдө. Казакстан тараптан чек арадагы чектөө жеке эле Кыргызстанга эмес коңшу өлкөнүн базар баасына да таасир этүүдө. 

Талдоочулардын маалыматында Кыргызстандан кирген товарлар Казакстанга убагында жеткирилбегендиктен коңшу мамлекеттин айрым облус, шаарларында күнүмдүк азык-түлүктүн баасы кымбаттаган.