Жаңылыктар
Улуттук Илимдер Академиясына жаңы президент шайланды
Билим
Улуттук Илимдер Академиясына жаңы президент шайланды

Улуттук Илимдер Академиясын эми техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев жетектейт. Академиянын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, бул тармактын президентин шайлоодо 142 окумуштуунун добуш берүүгө укугу бар. Бул жолу академиянын президентин шайлоого 125 илимпоз катышты. 

Алардын 116сы Мурат Жуматаевга добуш берди. Эскерте кетсек, Абдыганы Эркебаев кызматын тапшыргандан бери Улуттук Илимдер Академиясынын Президентинин милдетин Жуматаев аркалап келген.