Жаңылыктар
Өзгөндөгү кооптуу жерден көчкөндөрдүн жагдайы кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндөгү кооптуу жерден көчкөндөрдүн жагдайы кандай?

Быйылкы жаздагы адам өмүрлөрүн алган ар кандай жаратылыш кырсыктары - коопсуз аймактарды азыр да байырлап отургандарга сабак болушу керек. Мындай пикирин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ана-Кызыл участкасындагы курулуп жаткан жаңы үйлөрдүн курулушу менен таанышкан учурунда билдирди.

Жаңы турмуш баштап жаткандардын бири- Чаңгеттик Максуда Сыдыкова. Атуул жаңы там тургузууга мамлекет тарабынан ипотекага берилүүчү жеңилдетилген шарттагы 150 миң сомдук насыя алган. Алты баланын энеси - Сыдыковага азыр күздүн бир күнү эмес, ар бир сааты маанилүү. Суук түшкүчө турак-үйүнүн чатырын жаап алуу керек.

Мындай курулуш иши Ана-Кызыл участкасындагы 29 жер тилкесинде жүрүп жатат. Мунун 16сы кыргыз өкмөтү менен түрк уюму тарабынан Ничке-Сай жана Аюу айылындагы жер көчкүдөн жабыркагандар үчүн акысыз курулуп жатат.

Куруучулар үйдүн сапатына өзгөчө көңүл бурууда. Ар кандай кырдаалдарга туруштук бере алчудай, ошол эле учурда , жылуу болуусу үчүн мурда колдонулбаган жаңы ыкмалар колдонулууда.

Жаңыдан түптөлүп жаткан айыл үчүн зарыл болгон инфраструктуранын баары каралган. Электр мамычасы орнотулуп, трансформатор коюлган. Убактылуу каттоочу жол салынып, таза суу маселеси да чечилген.