Жаңылыктар
Тонналап кургатылган кара өрүктүн баасы текейге кетүүдө
Айыл чарба
Тонналап кургатылган кара өрүктүн баасы текейге кетүүдө

Кара өрүктү кургатып сатуу менен ишкерлик кылган Аксы районунун тургундары, район аймагына кара өрүктү кайра иштетүүчү цех курулса дешет. Анткени райондон тонналап кургатылган кара өрүк өндүрүлгөнү менен сатууга келгенде баасы текейге кетип жатат. Азыркы тапта кара өрүктү кургатуу иштери аяктап калды. 

Искендер Шатмановдун цехинде кара өрүктү кургатуу иши кызуу жүрүп жатат.Цехке келген кара өрүк алгач тазаланып, андан соң мына минтип, атайын сеткаларга эки кабаттан салынып, цехтин ичине кургатууга киргизилет.



Мындагы жалпы 6 даана цех 2 сутка ичинде 7 тоннадан ашуун кара өрүктү кургатып чыгарат. Ишкердин айтымында,эң башкысы кургатуу учурунда электр энергиясы сааттап үзгүлтүккө учурубаш керек.

Бирок ишкерлерди азыртадан ойлонтуп жаткан көйгөй, кара өрүккө болгон баанын төмөндүгү. Тонналап кара өрүктү кургатып алышып, жакшы баада ала турган кардар таппай калышат. Эгер өткөн жылдагыдай баанын эң жогорку наркы 50 сомго чейин эле чыкса, быйыл да пайда келбей киреше текейге айланып калганы турат. Андыктан ишкерлер мамлекет кара өрүктүн баасын жөнгө салып же атайын таңгактоочу цех куруп берсе дешет.

Райондо кара өрүктү кургаткандарды ар бир үчүнчү үйдөн табууга болот. Кара өрүк аксылыктардын көбү үчүн үй-бүлөлүк киреше булагына айланган. Жылына 15 миң тоннадан ашык кара өрүк бышат. Дыйкандар анын 30 пайызын гана кургатууга үлгүрүшөт. Эң көп кургаткандар 30 тоннага жетет.