Жаңылыктар
Кыргыз поэзиясынын алп акыны, ойчул Калыгул Бай уулунун мурастары
Маданият
Кыргыз поэзиясынын алп акыны, ойчул Калыгул Бай уулунун мурастары

31-октябрда кыргыз поэзиясынын алп акыны, философ, ойчул Калыгул Бай уулу жарык дүйнөгө келген. Анын ошол маалда айткандары убакыттын өтүшү менен аткарылгандыктан, замандаштары аны олуя деп аташкан. Ошондой эле ал даңазалуу саясатчы жана дипломат болгон. Адамзаты тирүү турганда Калыгулдун мурастары дайыма актуалдуулугун жоготпой турганын адистер айтышат. 

Кыргыз поэзиясынын негиздөөчүсү, кыргыз элине кеңири белгилүү ойчул Калыгул Бай уулу 1875-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Ал Сарыбагыш уруусунун көрүнүктүү бийи болуп, өзү жашаган тарыхый доордун улуу өкүлү катары кыргыз жергесинде болуп жаткан орчундуу окуялардын дээрлик бардыгына катышып, көпчүлүк учурларда активдүү роль ойногон. Түндүк кыргыздар менен Кокон хандыгынын иш алакаларында элчи, кеңешчи катары өз уруусунун жана элинин таламын коргогон.

Октябрь революциясына чейин Калыгулдун мурастары ооз-эки айтылып келген. Совет бийлигинин орношу менен анын ырлары тарыхчылар менен этнографтар тарабынан жазыла баштаган. Бирок 40-жылдардын башталышы менен Калыгулдун чыгармаларына тыюу салынып, ал бай-манап идеологиясын жайылтуучу, реакциячыл деген жалаа менен катуу сынга алынган.

Саясатчы, элчи, өз маалынын руханий жана интеллектуалдык лидеринин айткандары ушул күндөрү да маанилүүлүгүн жоготкон жок. Калыгулдун чыгармаларында тарбияга абдан терең маани берилет.