Жаңылыктар
Кыргызстандын чек ара аймактарына алуучу документтердин убактысы кыскартылды
Чек ара
Кыргызстандын чек ара аймактарына алуучу документтердин убактысы кыскартылды

Кыргыз Өкмөтү  Кыргызстандын  чек ара аймактарына кирип чыгууга уруксат берүүчү  документтерди   алуунун  убактысын   кыскартты.  Тиешелүү  токтомго премьер-министр Сапар  Исаков  кол  койду.   Документке ылайык, эми чек ара аймактарына чыккан жарандар же уюмдар үчүн уруксат алуу убактысы тиешелүү документтерди тапшырган күндөн баштап  9 күндөн 3 күнгө чейин кыскартылды.

Коңшу өлкөлөр менен чек ара аркылуу өтүу көйгөйлөрү чечилип жатат.  Айталы, Кыргызстан менен Өзбекстан бул жылы  чек ара боюнча талаш маселелерди чечүүдө  натыйжаларга  жетишти.  

Эки өлкөнүн башчыларынын  жолугушууларынан соң көпчүлүккө көйгөй жаратып келген “Достук ” чек ара бекети  ишин жандандырып, күнү-түну иштей  баштады. Аймактын тургундарына   өткөрүу бекетинин  иштеп башташы кубаныч тартуулады. Бахродил Коилжанова ,  буга чейинки  катаал шарттар  тууган-туушкандары менен көрүшүүгө тоскоолдук  жаратып келгенин, эми бул маселеден арылышканын билдирген.

Г.Усенова, Биринчи радио