Жаңылыктар
Элин тааныткан эр жүрөк
Кыргызстан жаңылыктары
Элин тааныткан эр жүрөк

Мекендешибиз Марат Исаевге бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин, Орусиянын өнүгүшүнө салым кошкон , атуулдардын өмүрүн сактоодо эрдик көрсөткөн эң кадыр барктуу инсандарга Мамлекеттик деңгээлдеги сыйлыктарды тапшырды.

Кремлде өткөн салтанаттуу иш-чарага чакырылган ардактуулардын катарында Кыргызстандык Марат Исаев дагы бар. Өз өмүрүн тобокелге салып, накта азамттык кылып Россиялык жаранды куткарып калгандыгы үчүн президент Владимир Путин мекендешибизди төш белги менен менен сыйлады. 

Кыргыз жигиттерине таандык кайратман, эр жүрөк сапатты бөтөн элге тааныткан мекендешибиздин эрдигин биринчилерден болуп, президент Алмазбек Атамбаев баалап, ага алтын кол саат жөнөтүп, 100 миң сом менен сыйлаган.

 Андан кийин Москва шаарынын мэри Сергей Собянин каармандык көрсөткөн Исаев менен Королюкка ыраазычылык катын жолдогон. Ал эми "Леди Mail.ru" порталы тарабынан жарыяланган "Биз сыймыктанган 7 орусиялык жигит " тизмесине Россиялыктар Марат Исаевди дагы кошту. Жаштарга үлгү болуучу Мараттын эрдиги - кыргыз жигиттерине болгон урмат, сыйды дагы бир тепкичке көтөрдү десек жарашат.