Жаңылыктар
Түркия-Өзбекстан ортосунда жанданган карым-катнаш кандай жыйынтыкка алып келет?
Дүйнө
Түркия-Өзбекстан ортосунда жанданган карым-катнаш кандай жыйынтыкка алып келет?

Американын “Еurasianet” басылмасы “Өзбекстан– Түркиянын ынагы”- аттуу макаласын жарыялады. Басылманын көз карашында өткөн жумада Анкара шаарындагы  өзбек –түрк саммити көптөн бери көрүшпөгөн эски достун чер жазуусу катары эсептесе болот. Анткени, Түркиянын лидери Тайып Эрдоган менен жолукканда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёёв:  катташпай калган   20 жыл аралыгында, көкүрөктө кандай сагыныч пайда болгону, көзүбүздөн көрүнүп турат, биз   бири-бирибизди бир көз караштан илгиртпей түшүнүп жатабыз”-деп айтканы бар.

Өткөн аптада Мирзёёвдин Анкарага расмий иш сапары Эрдогандын чакыруусу  менен болду. Белгилей кетчү жагдай акыркы 18 жылдан бери Өзбекстандын Президенти Түркияга биринчи жолу келиши. Ошондуктан, эки мамлекеттин тең лидерлери бул расмий иш сапарга абдан маани берүүдө. Тайып Эрдоган: Өзбекстандагы өзгөрүүлөр бизди абдан кубандырууда. Бардык министирлик жана бейөкмөт уюмдарга Өзбекстан менен кеңири алака түзүү жөнүндө буйрук бердик –деп  баса белгиледи.

 Басылма жазгандай, Мирзиёёвдин Түркияга иш сапары  учурунда  өзбек жана  түрк компаниялары, көлөмү  3,5 млрд  долларга барабар, жалпы 30 документке кол койгон. Бул келишимде түрдүү тармак:   энергетика, транспорт, текстиль өнөр жайы, электроника, курулуш жана айыл чарба багытында кызматташуу камтылган.  Башкы максаты эгерде 2016-жылы  эки өлкөнүн ортосунда  сооданын көлөмү 1,2 млдр долларды түзсө,  жакынкы жылдары анын көлөмүн 3-4 млрд долларга чейин жеткирүү.

Мирзиёёв Анкарага барардын алдында, түрк жарандары үчүн виза маселесин жеңилдетүү боюнча токтомго кол койгон. Ушул токтомдун негизинде Өзбекстанга баруу үчүн түрк ишкерлери үч күндүн ичинде бир жылга визаны чакыруусуз алса болот. 

Ошол эле учурда туристтер визаны  30 күнгө алганга мүмкүнчүлүк алды. Белгилей кетчү жагдай буга чейин  Өзбестандын жарандары Түркияга визасыз бара алчу. Ошол эле учурда буга чейин эки өлкөнүн ортосунда мамиле  салкын   кезде, Түркиянын жарандары визасыз бара алчу эмес. 

Уктурууну даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Бакыт Тапаев,  Биринчи Радио



.