Жаңылыктар
Жаштар арасында клей жыттап, спайс банги заттын колдонгондор көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жаштар арасында клей жыттап, спайс банги заттын колдонгондор көбөйүүдө

Мектеп окуучулар арасында  клей жытоо кеңири жайылса, жаштар арасында спайс банги заттын колдонгондор көбөйүүдө. Өзгөчө өткөөл курактагы балдар  арасында алкоголь ичимдигине берилүү, баңги зат колдонуу сыяктуу көрүнүш көп байкалат. 

Мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында,   Ички Иштер министрлиги, балдардын укугун коргоо лигасы коомдук фонду жана билим берүү жана илим министрлиги биргеликте  Бишкек шаарындагы   мектептерде, окуучуларга баңги заттын зыяны тууралуу  түшүндүрүү иштери жүргүздү. Анын жүрүшүндө өткөөл курактагы балдарга келечектеги максаттарын туура коюууга жана айланадагы терс көрүнүштөрдөн оолак болууга үндөгөн иш-чаралар өткөрүлдү.


Өткөөл курактагы мектеп окуучуларын терс көрүнүштөн алыстатуу үчүн ички иштер министрлиги, билим берүү жана илим министрлиги менен билек түрө киришип жер жерлерде комплекстүү иштер жүрүп жатканын Ички иштер министрлигинин жаш өспүрүмдөр иштөө инспекциясынын башчысы Марат Сапаев билдирди.

Бегимай Абдыкадырова, Биринчи радио