Жаңылыктар
Кыргыз мушкерлери панкратион боюнча дүйнө чемпиондугунда 6 медаль жеңип алышты
Спорт
Кыргыз мушкерлери  панкратион боюнча дүйнө чемпиондугунда 6 медаль жеңип алышты

Кыргыз мушкерлери Орусиянын Сочи шаарында 27-29-октябрь аралыгында өткөн панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугунда 6 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Панкратион федерациясынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-ноябрда билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш жаштар, улуулар жана ардагерлер арасында өткөн. Жалпы эсепте мелдешке 22 өлкөнүн 300 спортчусу катышкан, алардын ичинен 19 спортчу Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан. Кыргыз спортчулар жалпы 6 медаль жеңип алышты.


Сүймөнкул Идирисов, Биринчи радио