Жаңылыктар
Кыргыз милициясынын 93 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз милициясынын 93 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Кыргыз милициясынын 93-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Ички иштер министрлигинде болуп өттү. Ага борбордук аппараттын жана аймактык ички иштер башкармалык, бөлүмдөрдүн кызматкерлери, милициянын ардагерлери катышты. 

Тартип коргоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен өлкө башчынын атынан президенттин аппарат жетекчиси Алмаз Үсөнов, премьер-министрдин атынан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жана ички иштер министри Улан Исраилов куттукташты. 

Иш-чаранын алкагында бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылып, куттуктоодо милициянын коомдогу орду, туруктуулук жана жарандардын тынч жашоосу үчүн болгон салымдары баса белгиленди. 

Аны менен катар акыркы кездерде милиция кызматкерлерине мамлекеттин социалдык колдоосу тууралуу маалымат берилди