Жаңылыктар
Бишкекте мыйзамсыз оюн-зоок ойноочу жай табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мыйзамсыз оюн-зоок ойноочу жай табылды

Бишкекте мыйзамсыз оюн-зоок ойноочу жай табылып, анын ичинде лоторея жана башка оюндарды ойноо үчүн керектүү жабдыктар орнотулгандыгы аныкталган. Муну Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдирди. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. 

Эскерте кетсек, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы учурда өлкөнүн бардык аймактарында мыйзамсыз кумар оюндарын ойнотуучу жайларды аныктоо иштерин жүргүзүүдө. 

Буга чейин Бишкек жана Кара-Балта шаарлары менен Кадамжай районунда бир нече мыйзамсыз оюн-зоок ойноочу жайлар табылган эле. Белгилей кетүүчү жагдай 2012-жылдан бери өлкөдө кумар оюндарына мыйзам аркылуу тыюу салынган.