Жаңылыктар
Памирлик кыргыздарды окутуу процесси Нарында кызуу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздарды окутуу процесси Нарында кызуу башталды

Кыргызстанга билим алууга келген Памирлик кыргыздарды окутуу процесси Нарында кызуу башталды. Келечекке болгон жаркын жашоону мекенинен издеп келген боордошторубуз окууга умтулуп, жакшы үйрөнүп калды. Аларды окутуу өзгөчө ыкма менен жүрүүдө. 

Бир мүнөт дагы убактысын текке кетирбей билимге умтулган 10 жаштагы Забилла уктаса дагы Алиппе китеби жанында. Ал кыргыз алфавитиндеги тамгаларды кайталап, үйрөнүү менен алек. Учурда Забилла эки сөздүн башын бириктирип окуп калды.



Памирликтер окууну алгач Алиппе китебинен баштап, жазууну дагы акырындык менен үйрөнүп жатышат. Учурда алардын билимге болгон ынтызаарлыгы өөрчүп, мурдагыга салыштармалуу жакшы.

Мугалимдер өзгөчө окутуу ыкмасы менен үйрөтүп, аларды эки топко бөлүп сабак өтүшүүдө. Анда 18 жашка чейинкилер жана орто жаштагылар болуп кадимки класска отуруп окушат. Адистердин айтымында ой жүргүртүүлөрү бир калыпка келип, тартынбай билимге умтулуп башташыптыр.