Жаңылыктар
Депутаттар баш тарткан авто унаалар мамлекеттик мекемелерге берилбейт
Саясат
Депутаттар баш тарткан авто унаалар мамлекеттик мекемелерге берилбейт

Депутаттар баш тарткан авто унаалар мамлекеттик мекемелерге берилбейт. Бул тууралуу 10-мартта Парламенттин жыйынында айтылды. Эл өкүлдөрү баш тарткан унааларды балдар үйлөрү жана акыйкатчы институту сурап жатат. Төрага Асылбек Жээнбеков бошогон унааларды атайын комиссия иштеп чыгып анан муктаж жактарга бөлүп бере тургандыгын билдирди. Ал эми талдоочулар балдар үйлөрү кымбат машинелерди кармоого күчү жетпейт дейт.

Бир депутаттын айдоочусуна бир жылда 356 миң сомдун тегерегинде казынадан акча коротулган болсо, эл өкүлдөрү айдоочуларын кыскартуу менен 51 млн 408 миң сомду үнөмдөөгө жетишти. Деген менен депуттар баш тарткан унааларын кимге берүү керек деген маселени талкуулап бүтпөй келет. Буга чейинки жыйындарда депутат Мээрбек Мискенбаев парламенттин машиналарын маданият кызматкерлерине берүү демилгесин көтөрүп чыккан. Бул жолу “Республика-АтаЖурт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин карамагындагы кызматтык кайда экендигине кызыкты.

Ал эми төрагаАсылбек Жээнбеков жооп кылып, депутаттардын кызматтык унааларын комиссия балдар үйлөрүнө жана башка мекемелер боюнча бөлүштүрө тургандыгын маалымдады. Балдар үйүлөрүнөн жана Акыйкатчы институтунан автоунаа бөлүп берүү боюнча арыз түшкөн. “Ачык айтайын, акимдерге, айыл өкмөттөргө, муниципалдык органдарга автоунаалар берилбейт. Мамлекеттик мекемелер чыгымдарын азайтып жатат”- деп билдирди Жээнбеков.

«Доор эли» коомдук бирикмесинин жетекчиси, Парламенттин 4 чакырылышынын депутаты Гүлжамал Султаналиева, бул кызматтык унааларды балдар үйүнө бергени менен, аны жетекчилер эле колдонбосо балдарга пайдасы тийбейт дейт. Анын үсүнө “Тойота Камри” жана “Кадиллак” унаалары кымбат жана машынанын тетиктери да кымбат.

Эске сала кетсек, 6 чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары жумушун бир катар жеңилдиктерден айдоочулардан жана кызматтык автоунаадан баш тартуу менен башташкан. Учурда Парламенттин автопаркында 111 автотехника бар экендиги айтылып келет.

Сүймөнкул Идирисов БИРИНЧИ РАДИО