Жаңылыктар
«Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар» автожүрүшү ийгиликтүү аяктады
Чек ара
«Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар» автожүрүшү ийгиликтүү аяктады

«Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар» автожүрүшү ийгиликтүү аяктады. 


30-октябрда Ташкенттен башталган автожүрүш пилоттук деп аталып, Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы мамилени жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.


Жүк ташуунун жаңы коридорун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр мындан 20 жыл мурда эле башталган. Бирок ушул кезге чейин ишке ашпай келген демилге, сентябрь-октябрь айларында Өзбекстан-Кыргызстандын макулдашууларынан соң кайра жанданды.


Ташкент шаарынан башталган оор жүк ташуучу автожүрүш, Анжиян андан ары Ош аркылуу Кашкарга барып токтомок. 4 күндүк деп пландалган жүрүш бүгүн аяктап, Кытайдын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын катар тизилген унаалары, Кашкарга эч кандай тоскоолдуксуз жетип алды.



Ал ортодо Бишкекте ачылган ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кийим-кечелеринин жарманкесине Өзбекстандын ишканалары да келип катышууда. Алгачкы жолу Кыргызстанга келип жаткан өзбек ишкерлери, мындан ары дагы карым-катнашты кеңейтүүгө бел байлашууда.



Мына ушундай иш чаралар аркылуу, соңку жылдары мамилеси салкындап кеткен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 2016-жылдын күзүнөн тарта ымала жакшы нукка өзгөрө баштады. Талдоочулар муну менен кыргыз-өзбек кызматташтыгы жаңы өңүткө сапар алганын белгилешүүдө.
Айжан Омолдошова, Элдияр Асанбаев, КБК