Жаңылыктар
Чек арага чектеш аймактарга кирүү жеңилдетилди
Чек ара
Чек арага чектеш аймактарга кирүү жеңилдетилди

Чек арага чектеш аймактарга кирүү жол-жоболору жеңилдетилди. Бул шартты бекемдеген токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду. 


Ага ылайык, өлкөнүн жарандары үчүн чек ара аймактарына кирип-чыгууга жана уюмдар, чарбалар жана ишмердүүлүк менен алектенген жарандар үчүн уруксат берүүчү документтерди алуунун мөөнөтү кыскартылды. Бул жеңилдиктер чек арага чектеш аймактарда жашаган жарандардын түйшүгүн кыйла азайтат-дейт эксперттер. 


Чек араны кесип өтүү жол-жоболору жана чек арага чектеш аймакта жашоо жарандар үчүн белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратып келет. Мындан улам чек арадан өтүү эле айрым жарандар үчүн баш ооруну жаратса, чек арага чектеш аймакта баш калкалаган мекендештерибиздин түйшүгү айтпаса да белгилүү. Себеби чек араны кесип өтүү бир канча убакытты алат. 


Мындан улам эми чек аранын аймагында мал жайып, талаада эмгектенүү же чек арага жакын жерде ишкерчилик жүргүзүүнү өкмөт тиешелүү токтом менен жеңилдетти. Тактап айтканда жеңилдетилген жол-жоболор чек арага кирүүгө уруксат алууну, чек арага чектеш аймакта калууну шарттайт. 



Ошону менен бирге токтомго кирип жаткан толуктоолорго ылайык чек ара аймактарына кирүү же ал аркылуу өтүүгө уруксат берген органдар документтерди карап чыгууга жана уруксат документтердин 1 күндө берет. Чек ара аймагына кирүүгө уруксат алынгандан кийин жарандар же уюмдардын өкүлдөрү кайсы жерге баргандыгына жараша уруксат документтерин чек ара кызматына, жакын жердеги чек ара тозотуна же бөлүмдөргө көрсөтө алышат.


 
Аталган токтом Өкмөттүн «Жаңы доорго - кырк кадам» программасын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылып жатат. Анда негизги максат өлкөдөгү чек ара коопсуздугун бекемдөө болуп саналат. Сунушталган өзгөртүү өлкө жарандарынын убактысын жана каражатын үнөмдөөгө жана кошумча шарттарды түзүүгө багытталган.