Жаңылыктар
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине С.Жумагуловдун талапкерлиги колдоого алынды
Маданият
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине С.Жумагуловдун талапкерлиги колдоого алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында Султан Жумагуловдун Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкерлигин жактырды. Жыйынга катышкан 84 депутаттын бардыгы колдоп добуш беришти. 

Жумагулов өткөн аптада өз каалоосу менен кызматтан кеткен Түгөлбай Казаковдун ордуна сунушталган. 58 жаштагы Султан Жумагулов журналист, медиа устат катары белгилүү. 

Эмгек жолун Ленинчил жаш гезитинде баштап, бир катар басылмаларда иштеген. Би-би-си радиосунда эмгектенип, кийин Азаттык радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеген. Ошондой эле ЭлТР менен КТРКнын башкы директору болгон.