Жаңылыктар
Кыргызстанда жаңы шайланган президенттин ант берүү аземи 24-ноябрга каралууда
Саясат
Кыргызстанда жаңы шайланган президенттин ант берүү аземи 24-ноябрга каралууда

Кыргызстанда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын болжолдуу датасы катары 24-ноябрь каралууда. Бирок, инаугурация күнү качан болору так аныктала элек. Буга чейин Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 1-декабрдан кечикпей өтүүгө тийиш деп билдирген. 


Так күнү парламент менен кеңешкенден кийин такталары белгилүү болгон. Инаугурация бул жолу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтө турганы кабарланууда. Президенттик анттан соң Сооронбай Жээнбековго БШК жетекчилиги президенттин күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырат. Учурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы 1-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ант берип, расмий кызматына киришкен.

 

Кыргызстанда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын болжолдуу датасы катары 24-ноябрь каралууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Кайрат Омоналиев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди. Бирок, анын айтымында, инаугурация күнү качан болору так аныктала элек. Буга чейин Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 1-декабрдан кечикпей өтүүгө тийиш деп билдирген. Мыйзам боюнча жаңы шайланган инаугурациясы 30 күндүндөн кем эмес  аралыкта болушу шарт.


Учурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы 1-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ант берип, расмий кызматына киришкен. Инаугурация бул жолу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтө турганы кабарланууда. Президенттик анттан соң Сооронбай Жээнбековго БШК жетекчилиги президенттин күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырат. Инагурацияны уюштуруу президенттин аппаратына жүктөлгөн, мындан сырткары Тышкы иштер министрлиги да иш чараны өткөрүугө көмөктөшөт.


Биринчи радио, Илгиз Жамалбеков