Жаңылыктар
Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылды
Саясат
Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылды

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарды.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, Баш мыйзамдын 73-беренесине ылайык, соттун чечими чыккандан кийин 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алышы керек. 

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.